• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК жеңил өнөр жайындагы бир катар товарларга маркировка коддорун алууга болорун билдирди

Экономика 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Россия Федерациясынын аймагында бир катар жеңил өнөр жай товарлары милдеттүү түрдө маркалоого тийиш экендигин билдирет.

Экспортерлор жана өндүрүүчүлөр Россия Федерациясынын аймагында милдеттүү түрдө маркалоого тийиш болгон жеңил өнөр жайынын жаңы товардык топтору боюнча маркалоо коддоруна заказ бериши керек.

Жеңил өнөр жайынын жаңы товардык топтору боюнча маркалоо коддорун Улуттук маркалоо жана маркаланган товарларын көзөмөлдөө боюнча операторунун main.teksher.kg сайтынан заказ берсе болот.

Мындан тышкары, "Атыр жана даараткана сууларына", "Фотоаппараттарга жана лампа-жарыктарына", "Бут кийимдерге" жана "Сүт азыктарына" маркалоо коддорун алууга болот.

Маркалоо коддорун алуу жөнүндө толук маалыматты main.teksher.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий