• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарбасын каржылоого коммерциялык банктарга 4,9 млрд сом бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Айыл чарбасын каржылоого коммерциялык банктарга 4,9 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы айыл чарба иштерин өз убагында аткаруу үчүн КР министрлер кабинетинин «Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоорун бекитүү жөнүндө» коммерциялык банктарды тартуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Финансы министрлигине ушул долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга пайыздык чендерди субсидиялоо үчүн 520 млн сом бөлүп берүү тапшырылды. Бул 4,9 млрд сом өлчөмүндө жылдык 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берет.

Каражат мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана кайра иштетүүнү каржылоого каралган.

Бүгүнкү күндө катышуучу банктар тарабынан кредиттик жана күрөөлүк документтерди тариздөө жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча жигердүү иштер башталды.

Пикир

Оставить комментарий