• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы 9 айдын ичинде 12,2 тонна алтын өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылдын 9 айында өлкө боюнча 12,2 тонна алтын өндүрүлгөн, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштармалуу 586 кг аз. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков билдирди.

Анын айтымында, “Кумтөр” ЖЧКсы 9,5 тонна алтын өндүргөн – бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 тоннага аз, ал эми “Алтынкен” кени 2,5 тонна алтын өндүргөн.

“Кыргызстанда өндүрүштүн көрсөткүчү бир ишканадан көз каранды. Маалым болгондой бул “Кумтөр”, ошондуктан 8 айдын жыйынтыгы боюнча төмөндөө дээрлик 13% түзгөн, Кумтөр кениндеги өндүрүүнүн көлөмүн эске алганда акыркы айда аталган көрсөткүч 4,5% төмөндөгөн”, - деп билдирди Орозбеков.

Пикир

Оставить комментарий