• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 56 миңге көбөйдү - МСК

Экономика 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. КРда 2018-жылдын 9 айында салык отчётторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны жыл башына салыштырмалуу 56 миң 926га көбөйгөн жана үстүбүздөгү жылдын 18-октябрына карата 96 миң 765 колдонуучуну түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде электрондук кол тамганы колдонбоо кызматына 92 миң 665 колдонуучу, ал эми сервистин оператору аркылуу электрондук кол тамганы колдонуу менен 4 миң 100 салык төлөөчү кошулган.

"Электрондук кол тамганы колдонбоо кызматы жарандарга Салык кызматынын “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук www.salyk.kg сервиси аркылуу электрондук түрдө салык отчетторун бекер берүүгө мүмкүндүк берет. Бул кызмат салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу, анткени ал убакытты кыскартып, отчетторду электрондук түрдө жиберүүгө, анын ичинде электрондук патентти сатып алууга, салык кызматынын электрондук башка кызматтарын пайдаланууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын башкы милдеттеринин бири - бул салык төлөөчүлөргө электрондук отчетторун берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, накталай эмес эсептешүү системасын кеңейтүү, ошондой эле электрондук кызматтарга өтүү үчүн өбөлгөлөрдү киргизүү.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү ведомствонун заманбап электрондук кызматтарын колдонууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий