• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо долбоорунун алкагында 298,3 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. “Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо – 2” долбоору боюнча 298,3 млн сом бөлүндү, деп билдирет Финансы министрлигинин басма сөз кызматы.

Аталган долбоор министрлер кабинетинин тескесемени ылайык, Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бекитилген.

Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 350 млн сомду түзүүдө.

2023-жылдын 14-декабрына карата бул долбоордун алкагында Баткен облусунун 336 ишкердик субъекттерине 298,3 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилген.

Пикир

Оставить комментарий