• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүзүм кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Ошто Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүзүм кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери тарабынан И.А.М аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Volkswagen үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилген.

Текшерүү учурунда унаадан жалпы салмагы 2500 кг болгон 162 миң 500 сомдук жүзүм табылган. Жүзүм Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан.

Аталган факт КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий