• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте №9 автобус каттамы кайрадан иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 27.01.24./Кабар/. Бишкекте 28-январдан тарта №9 автобус каттамы кайрадан ишке кирет, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана көптөгөн тургундардын бир нече жолку кайрылуусунун негизинде №9 автобус каттамынын эски кыймыл чиймесин кайрадан калыбына келтирүү чечими кабыл алынган.

Каттам 12-кичи районунан ВОССТ конушуна чейин жүрүп, А.Токонбаев, И.Ахунбаев көчөлөрүн, Ч. Айтматов, Манас, Дэн Сяопин проспектилерин камтыйт. Анын узундугу 54 км, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий