• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров балдарды мектепке даярдоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи

Өкмөт 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү милдети коюлган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2022-жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны 1712ден 1834кө (6,6%га), мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 26,4%га өскөн. Мектепке чейинки билим берүү 220 миң баланы камтыйт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 21 миңге көп.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйылкы жылдын биринчи кварталында өлкөдөгү экономикалык өсүштүн 8,8%, ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,8%га жетиши президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өнүгүү темпти тездетүү саясатынын натыйжалуулугунун далили экенин белгиледи.

Ал мектептерде жана жогорку окуу жайларында билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн, ошол эле учурда балдарды мектепке даярдоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Акылбек Жапаров балдарды бала бакчага тартууну көбөйтүү боюнча иштер тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай бюрократиялык жол-жоболорду жана татаалдашууларды киргизбестен, системалуу түрдө жүргүзүлүшү керектигин айтып сөзүн улантты. Ал ошондой эле балдарды өнүктүрүү жаатында бүткүл өлкө боюнча жакшы натыйжаларды берген долбоорлордун масштабын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз балдарыбыздын келечегин сиздердин колуңарга ишенип тапшырдык. Биздин балдарды тарбиялоодо жаңы ыкмалар жана ыкмалар кандай илгерилетилип, ишке ашырыла турганы сиздерден көз каранды. Балдардын баары таланттуу, бул таланттарды мектепте өнүктүрүү керек. Сиздердин милдетиңиздер балдардын билимге жана окууга болгон каалоосун ойготуу. STEM предметтерин окутууга өзгөчө көңүл бургула», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий