• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милдеттерин талаптагыдай аткарышкан эмес: Абылгазиев 4 жетекчиге эскертүү берди

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү жарыяланды:

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге,

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге,

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго,

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго.

Пикир

Оставить комментарий