• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында “Кургак учукту бирге жеңебиз” өнөктүгү уланууда

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Кургак учукту бирге жеңебиз!” атылышындагы бир айлык өнөктүктүн алкагында шаардагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп -гимназиясында "Кургак учукту алдын ал!" аталышындагы ачык сабак өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектеп окуучулары кургак учук илдетине кабылбоо үчүн жылына бир ирет текшерилип туруу, алты айда бир жолу рентген аппаратына түшүү жана оорулуу бейтаптарды басынтуунун алдын алуу максатында сахналаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүштү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 24-февралдан 24-мартка чейин “Кургак учукту бирге жеңебиз!” деп аталган акция башталган. Анын алкагында түрдүү иш-чаралар өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий