• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Аймак 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 05:37де катталган.

Жер титирөө Ак-Талаа районунун Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 балл, Баетов, Ак-Бейит, Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар менен кыйроолор катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий