• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Глобалдык жаштар программасы. Катышуучулар Кореянын ири өндүрүш ишканалары менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Сеул шаарында өтүп жаткан Глобалдык жаштар программасынын (9th Youth Global Leadership program) катышуучулары автоунаа чыгаруучу Hyundai Motor компаниясына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш-чаранын уюштуруучуларын жана катышуучуларын аталган компаниянын өкүлдөрү тосуп алды. Алгач компания тууралуу маалымат берилип, андан ары унааны чыгаруу процесси жеринде көрсөтүлдү.

Атай кетсек, Hyundai Motor компаниясы дүйнөдөгү автоунаа чыгарган ири компаниялардын бири. Анын башкы кеңсеси Сеул шаарында жайгашкан.

Андан соң активдүү жаштар Түштүк Кореянын эң ири тез тамак-аш өндүрүүчү ишканасына жана өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири Dongguk университетине да барышты. Аларга ишкана жана окуу жайдын жетишкендиктери, жаңы инновациялык технологиялар боюнча маалымат берилип, тарыхы тааныштырылды.

Эске салсак, иш-чара “Азия кайрымдуулук борбору” тарабынан 9-ирет уюштурулуп жатат. Ага Кыргызстандан тышкары Таиланд, Монголия, Индонезия, Вьетнамдан келген жигердүү жаштар катышууда.

Иш-чаранын алкагында Кореянын тарыхы, маданияты, дүйнөлүк экономика жана лидерлик сапат боюнча окутуулар болууда. Окутууну Кореянын философия илиминин докторлору өтүп жатат. Программа жаштар арасында тажрыйба алмашуу менен бирге, ага катышып жаткан делегациялар өз өлкөсүнүн маданияттарын таанытууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий