• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун 2018-2020-жылдарга карата өнүктүрүү программасы талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Ош шаарын 2018-2020-жылдарга карата өнүктүрүү программасын талкуулаган коомдук угуу болду. Угууга шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын башчылары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Сарыбашов сөзгө чыгып, көйгөйлөр менен алдыда аткарылчу иштерге токтолду. "Ош шаарын өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыгып, сиздердин карооңуздарга сунушталып жатат. Шаардын негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жыл сайын жакшырып, шаар тургундарынын турмуш деңгээли жогорулап жаткандыгына карабастан учурда чечилбей жаткан көптөгөн маселелер бар", - дети калаа башчысы.

"Мен акыркы эки жумада шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүп келдим. Шаар тургундары тарабынан да көптөгөн көйгөйлүү маселелер айтылды. Алар негизинен таза суу менен камсыз кылуу, коммуникациялык инженердик тармактардын эскириши, ички жолдордун сапаты, көчө тыгындары, көп кабаттуу үйлөрдүн коммуналдык-чарбалык абалын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүп, элди жумуш менен камсыздоо маселелери болду. Социалдык-гуманитардык чөйрөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелер менен камсыз кылуу, орто билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, инновациялык билим берүүнү өнүктүрүүгө байланышкан маселелер көтөрүлдү", - деди Сарыбашов.

Мэрдин пикиринде, Ош мэриясы тарабынан иштелип чыгып, сиздерге сунушталып жаткан "Туруктуу өнүгүүгө багыт" Оштун 2018-2020-жылдарда кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программасы шаарды модернизациялоо боюнча жыйналган тажрыйбаны, пландарды, шаардын тургундарынын мүдөө-талаптарын эске алуу менен шаарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын камтыйт.

Сарыбашов программанын максаттары боюнча төмөнкүлөргө токтолду: Экономикалык артыкчылыктарды арттыруу; Коммуналдык-чарбалык инфраструктураны жакшыртуу; Социалдык өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге чыгаруу болуп саналат.

Шаар башчынын пикиринде, экономикалык саясат Оштун эң негизги артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө пайдалануунун негизинде жүргүзүлүшү керек. Аларга орто жана чакан бизнес чөйрөсү, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, туризм жана соода-транспорттук логистика тармактары кирет.

Пикир

Оставить комментарий