• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасында 4 көзөмөл өткөрмө пунктун ачуу пландалууда

Аймак 0

Ош, 26.02.19. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында 4 көзөмөл өткөрмө пунктун ачуу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-февраль күнү Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев КРнын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовду кабыл алган. Жолугушууда чек арадагы учурдагы абал жана эки мамлекеттин туризм тармагындагы, соода-экономикалык алакалары талкууланган.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкө ортосунда болгон 15 өткөрмө пункттун 6сы гана ачык экени айтылган. Мындан улам бул жылы дагы 4 өткөрмө пунктун ачууну караштыруу планданган.

Пикир

Оставить комментарий