• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия кыргыз жарандарына эмгек визасын берүү процедураларын жеңилдетет

Коом 0

Бишкек. 26.02.16 /Кабар/. 2019-жылдан тарта Түркиянын элчилиги кыргыз жарандарына эмгек визасын берүү жараянын жеңилдетет. Бул тууралуу Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыраттын жолугушуусунда айтылды.

Тараптар жолугушуу учурунда кыргыз жарандарын Түркиянын аймагында ишке орноштуруп иштеген компаниялар көтөргөн көйгөйлүү маселелерди талкуулашкан. Алардын ичинде эмгек визасын берүү жол-жобосу жана мөөнөтү тууралуу маселе каралган.

Жеңгиз Камил Фырат өз учурунда элчилик 2019-жылы айрым консулдук процедураларды жана документтерди кароо мөөнөтүн кыскартуу боюнча пландар каралып жатканын билдирди.

Ошондой эле тараптар Миграция кызматынын, Түркиянын элчилигинин жана ишке орноштурган жеке компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашышты.

Мындан сырткары Миграция кызматынын делегациясы кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн Түркиянын мамлекеттик мекемелери менен жолугушуу үчүн учуп кетти.

Эске салсак, азыркы учурда 710 миңге жакын кыргыз жараны чет өлкөгө жумуш издеп кеткен.

Алардын 30 миңге жакыны Түркиянын аймагында эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий