• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы казылган жолдорду калыбына келтирүү иштери текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 29.10.21 /Кабар/. 28-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун протоколдук тапшырмасынын негизинде вице-мэри Жасур Азимов баштаган жумушчу топ Алиев жана Джиннах көчөсүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн айланасында жүрүп жаткан иштерди текшерди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Нурзаман” курулуш компаниясы саркынды суу, таза суу, жылуулук түтүктөрүн киргизүү үчүн жолду казуу иштерин жүргүзгөн.

Текшерүүнүн алкагында аталган курулуш компания жолду калыбына келтирүүдө кемчилдиктерди кетиргендиги аныкталды. Жумушчу топ тарабынан эскертүүлөр айтылып, тез арада өз калыбына келтирип, асфальттоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле курулуш компания Курманжан Даткадан Алиев көчөсүнө чейинки аралыктагы 200 метр тротуарга шаар тургундары үчүн таман таш басып берүүнү колго алышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Коопсуз шаар - 2” долбоорунун алкагында казылып жаткан тротуарларга, калыбына келбей ташталып калган жерлерге барышты. Тендерди утуп алган компаниянын өкүлүнө жоопкерчиликтүү иш алып баруу айтылып, шаардын көркүн бузуп, чачылып жаткан таман таштарды, жолдорду иретке келтирүүдө көп кемчиликтер бар экендиги кошумчаланды.

Вице-мэр жолдор башкармалыгынын башчысына жана орун басарына мындай башаламан иштерге жол берилип, тынымсыз текшерүү иштери жүрбөгөндүгү айтылды.

Ошондой эле кайдыгерлик иштери үчүн дисциплинардык чара колдонуу боюнча шаар башчысына сунуш бериле тургандыгы кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий