• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда банк кызматкерлери сейил бакка эмен дарагынын көчөттөрүн отургузду

Аймак 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Күн мурун, 26-мартта Жалал-Абад шаарындагы Т.Байзаков атындагы сейил багына "Бакай Банк” ААКнын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери 75 даана эмен дарагынын көчөттөрүн отургузушту.

Мэриядан билдиришкендей, көчөт тигүү "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн жана "Бакай Банктын" 25 жылдык мааракесине карата "Бир кызматкерден бир көчөт" акциясынын алкагында жүргүзүлдү.

Муницпалитеттен кошумчалашкандай, тигилген көчөттөр көктөгөнгө чейин кызматкерлер тарабынан камкордук көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий