• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Жалал-Абад облусунун унаа жолунда кар көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 26.12.17. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрда саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 73-75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине №27 жол тейлөө ишканасынан 1 даана жүктөгүч, 1 даана бульдозер тартылып саат 06:30да кар көчкүнү тазаланып жол каттамы ачылган.

ӨКМден билдиришкендей, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий