• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШ элчилиги Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 28.03.24. /Акназик Тургунбаева — Кабар/. ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин аймактык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Марк Ричардсон менен жолугушту, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Жолугушууда тараптар кызматташууну мындан ары бекемдөө, укук коргоо жаатындагы өз ара аракеттешүүнү талкуулашты.

Андан соң Нурбек Жангабылов АКШнын элчилигине Кыргызстандын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, тараптар өз ара аракеттенүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий