• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги медиктер үчүн курула турган үйдү ким каржылай турганын айтты

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу демөөрчүлөрдүн жардамы менен башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бейшеналиев демөөрчүлөрдүн атын атабай турганын айтып, бирок алардын арасында анын тууганы бар экенин ырастады.

“Министрликте комиссия түзүлөт. Алар батирлерди медкызматкерлерге бөлүштүрүү жана конкурстун талаптарын иштеп чыгат”, - дейт министр.

Эскерте кетсек, Бишкекте 26-мартта медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган. Үй Байтик Баатыр (мурдагы Совет көчөсү) жана Сүйөркулов (мурдагы Донецк көчөсү) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, объектти пайдаланууга берүү болжол менен 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. Буга чейин салынган 8 кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий