• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экскаватор басып калды: Санкт-Петербургда курулушта иштеген кыргыз жараны каза болду

Коом 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Санкт-Петербург шаарында курулушта иштеген кыргыз жараны каза болду. Кырсык 25-апрелде 14:30 чамасында болгон.

Маалыматка ылайык, шаардагы "Северная корона" мейманканасынын имаратын бузуу маалында экскаватордун алдындагы топурак отуруп, техника ооп, анан оодарылып кеткен.

Айдоочу – 36 жаштагы Кыргызстандын жараны – техниканын алдында калып, кырсык болгон жерде каза болду.

Жарандын сөөгү алдынан 26-апрелде чыгарылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Эске салсак, Россияда эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз жарандарынын саны 600 миңден ашканы расмий айтылган. Алардын көбү соода-сатыкта, курулуш жана тейлөө тармагында алектенет.

Пикир

Оставить комментарий