• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Таза суу болгон жерде жаңы ишканалар ачылат, инвесторлор келет

Коом 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. «Таза суу жок болсо, кайдагы ден соолук, кайдагы экономика, кайдагы туризм? Таза суу болгон жерде оору азаят, турист келет, экономика өсөт. Жаңы ишканалар ачылат, инвесторлор келет. Таза суу маселесине өзгөчө көңүл бурулат», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуусунда.

«Учура 653 калктуу конуштун суусу жок. Ал эми 45 айылга суу жеткизилди. Беш жылда 608 айылды таза суу менен камсыз кылуу керек. Ал үчүн 34 миллиард сом керектелет. Бүгүнкү күндө 27 миллиард сом финансы булактары аныкталган. Калганын дагы финансылык институттар, грант аркылуу көп мамлекеттер, фонддор менен иш алып барып жатабыз. Таза суу маселеси боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Президенттик мөөнөтүм бүткөнчө бүт Кыргызстан таза суу менен камсыз болот», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий