• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вице-премьер: Илимдин жетишкендиктерин пайдалануусуз медицинанын өнүгүүсүн элестетүү мүмкүн эмес

Коом 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Бүгүн илимдин соңку жетишкендиктерин пайдаланбастан, медицинанын өнүгүүсүн элестетүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова «Кардиохирургиядагы инновациялар: манжалык митралдык комиссуротомиядан жогорку технологиялык жабдуулар имплантацияларына чейин» эл аралык илимий-практикалык конференциясында сүйлөп жатып билдирди.

«Мен бул конференция ага катышкан кесипкөй дарыгерлерге жана белгилүү окумуштууларга маанилүү окуя болуп калат деп ишенем. Конференциянын алкагында мастер-класстарды, кардиологдордун мектебин, медициналык жарманкелерди, илимий-практикалык сессияларды, эксперттик пикир алмашууларды өткөрүү сөзсүз түрдө ар бир катышуучунун билим казынасына жана тажрыйбасына баа жеткис салым кошууга тийиш », – деп баса көрсөттү ал.

Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, бүгүнкү иш-чара маанилүү күн – белгилүү окумуштуу, атактуу хирург, академик Ахунбаев Иса Коноевичтин 110 жылдыгына, Борбор Азияда жүрөккө алгачкы жолу операция жасалгандыгынын 60 жылдыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган.

«Мындай иш-чаралар пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн жакшы аянтча жана дүйнөнүн алдынкы илимий-изилдөө борборлорунун жаңы иштеп чыгуулары менен таанышууга шарт түзөт», – деп жыйынтыктады ал.

Конференциянын жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директорунун илим боюнча орун басары Таалайбек Кудайбердиевге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырды. Бул сыйлык ага атамекендик медицинаны өнүктүрүүгө жана илим изилдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Белгилей кетсек, эл аралык конференциянын ишине Россия Федерациясынын, Германия Федеративдүү Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Израилдин жана башка бир катар өлкөлөрдүн белгилүү окумуштуулары жана дарыгерлери катышышты.

Пикир

Оставить комментарий