• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Балтадагы "Эркин" мал базарынын ишмердүүлүгү токтотулду

Коом 0

Бишкек, 13.01.24. /Кабар/. Кара-Балтадагы "Эркин" мал базарынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев 11-январда президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер менен болгон кеңешмесинде облустук жана райондук жетекчилерге бир нече тапшырмаларды койгон.

Алардын ичинде өлкө аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо маселеси дагы бар.

Министрдин тапшырмасынын жана Ветеринардык кызмат тарабынан берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде, Жайыл районунун акиминин буйругуна ылайык, Жайыл районунун Кара-балта шаарындагы “Эркин” мал базары КР өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы №377 токтомунда көрсөтүлгөн ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн мал базардын ишмердүүлүгү токтотулду.

Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген жаңы мал базар куруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан жер бөлүнүп берилди жана инвесторлор менен макулдашуу жүргүзүлдү. Жакынкы күндөрү жаңы мал базардын курулуш иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий