• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук банк "Мобильник" компаниясынын лицензиясын кайтарып алды

Коом 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 17-майда "Мобильник" компаниясынын лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим "Мобильник" компаниясы Улуттук банктын буйруктарын жана талаптарын системалуу түрдө аткарбагандыгы себеп болду.

Лицензиялардын кайтарылып алынгандыгы "Мобильник" жоопкерчилиги чектелген коомун өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.

Эске салсак, Улуттук банк "Мобильник" компаниясынын лицензиясын 2019-жылдын февраль айында убактылуу чектеген.

Мындан тышкары, Улуттук банктын буйруктарын аткарбагандыгы үчүн «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялары 17-майдан тартып убактылуу токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий