• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азыгалиев Жайыл жана Панфилов райондорундагы бир катар соцмекемелерден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл жана Панфилов райондоруна иш сапары менен барып, бир катар социалдык мекемелерден кабар алып, курулуш иштери менен таанышты.

Параламенттен билдиришкендей, иш-чарага министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери да катышты.

Алгач эл өкүлү Кара-Балта шаарындагы кургак учукка каршы республикалык ооруканага барды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Самат Жантелиев белгилегендей, республикалык бюджеттин эсебинен оорукананын кир жуучу жайынын курулушу пландалып, 2024-жылга 1 млн сом каралган. Анын айтымында, быйыл январь айында курулуш иштерине конкурс өткөрүлүп, өтүнмөлөр дал келбегендиктен, четке кагылган.

Депутат тендерлер боюнча мындай жагдай акыркы эки жылдан бери болуп жатканын айтып, подрядчылар долбоорду ишке ашырууга кызыкдар эмес болгондуктан курулуш иштеринин тендердик баасын карап чыгууга чакырды.

Андан соң төраганын орун басары Кара-Балта шаарынын борбордук базарында болду. Шаар мэри белгилегендей, учурда автотыгындардын көбөйүшүнө байланыштуу жана шаардын көркүн, архитектуралык ансамблин сактоо максатында бир катар коммерциялык объектилерди башка жерге көчүрүү иштери пландалууда.

Ал кошумчалагандай, жолдун боюндагы 70ке жакын коммерциялык объектилер Транспорт министрлиги тарабынан ижарага барилген, бул пландарды ишке ашырууда кыйынчылыктарды жаратууда. Депутат мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ортосунда макулдашылган аракеттер жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Андан тышкары, депутат курулушу пландалган Ийри-Суу айылындагы мектепти көрүп чыкты. Мекеменин директору И.Чотуралиев белгилегендей, мектеп бала бакча болуп 1960-жылдары салынып, жараксыз абалга келген. Учурда курулуш иштери баштапкы этапта.

Иш сапардын алкагында төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Күрпүлдөк айылындагы азыркы учурда курулушу токтоп турган маданият үйүнө да барып, объектти тез арада бүткөрүү жана эксплуатацияга берүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле депутат 2020-жылдан бери АРИС долбоору боюнча 164 млн сомго капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан Панфилов райондук жалпы дарыгерлик имаратын көрүп чыкты.

Мындан тышкары, депутат Бишкек-Чалдовар жолун реконструкциялоо боюнча даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жыйынтыгында төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев бардык жооптуу жетекчилерди тендерлерди өз убагында өткөрүп, бөлүнгөн каражаттарды белгиленген графикке ылайык өздөштүрүүгө чакырды. Муну менен катар бардык көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы анын көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий