• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте кичи автобустар толугу менен токтотулат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. КРнын Коопсуздук кеңеши 2020-жылдын 22-мартынан баштап өлкө аймагына 1 айга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча сунуштап, өкмөт 22-марттан тарта өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизүү чечимин кабыл алынды.

Белгилүү болгондой коопсуздук чаралары катары шаарда соода борборлор, оюн-зоок аянтчалары, клубдар жана башка жерлер толугу менен жабылган.

Кафе жана ресторандарда тамак-ашты үйгө жеткирүү кызматы гана иштемекчи.

Ал эми супермаркет, азык-түлүк базарлары жана дарыканалар ишин токтотпойт.

"Сиздердин коопсуздугунуздар үчүн эртеңден тарта маршруткалар ишин токтотот. Бирок троллейбустардын бир бөлүгү иштейт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий