• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Замирбек Базарбеков: Талаштарды чечүүнүн сотко чейинки жана соттон тышкаркы формаларын өнүктүрүү зарыл

Коом 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Бишкекте "КРнын судьяларынын ассоциациясы" коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан "Адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адилеттүү жана натыйжалуу коргоого багытталган сот тутумун өнүктүрүүгө көмөктөшүү" долбоорунун бет ачары өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышып, учурда сот тутумунун натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуунун эң маанилүү маселелерин чечүү зарылдыгын айтты.

“Сот өндүрүшүнүн атаандашуу институтун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын сотторунда сот арачылар институтунун иштөөсүн камсыздоо, талаштарды чечүүнүн сотко чейинки жана соттон тышкаркы формаларын өнүктүрүү зарыл.

Мындан тышкары, судьялардын кесиптик жана адеп-ахлактык, этикалык сапаттарын жогорулатуу, судьялар тарабынан соттук актыларга түшүндүрмөлөрдү берүү тажрыйбасын күчөтүү, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнүн тутумуна санариптик технологияларды натыйжалуу колдонууну кеңейтүүгө басым жасалышы керек.

Аталган долбоор “2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасындагы иш пландарды аткарууга көмөктөшөт деген ойдомун”, - деп билдирди Жогорку соттун төрагасы.

Ал эми Судьялар ассоциациясынын башкармалыгынын төрайымы, Жогорку соттун судьясы Дилара Арстанбаева демилге ачык-айкын, отчеттуу жана натыйжалуу сот системасын түзүүгө, ошондой эле коомдун өлкөнүн укуктук системасына болгон ишенимин жогорулатууга багытталгандыгын айтты.

"Судьялар ассоциациясы судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин иш-аракеттеринин ченемдерин жөнгө салуучу бир катар ченемдик укуктук актыларды даярдоого көмөк көрсөтүү, ошондой эле сот процессинин катышуучуларынын жүрүм-турумунун иштелип чыккан эрежелерин юстиция, прокуратура органдары жана адвокаттар үчүн билим берүү программаларына киргизүү сыяктуу максаттарды коет.

Мындан тышкары, юристтер арасында жүрүм-турум жана өз ара жоопкерчилик стандарттары активдүү иштелип чыгат.

Ошондой эле судьялар Ассоциациясынын институционалдык ролун күчөтүү боюнча кадамдар жана милдеттер коюлду", - деди Дилара Арстанбаева.

Иш-чарага Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, Судьялар кеңешинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын, Башкы прокуратуранын, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин, Адвокатуранын, эл аралык уюмдардын жана программалардын өкүлдөрү катышышты.


Маалымат үчүн: "Адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адилеттүү жана натыйжалуу коргоого багытталган сот системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү" долбоору "Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы" коомдук бирикмеси тарабынан стратегиялык өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Судьялар кеңеши менен өз ара аракеттенүүдө, EWMI коммерциялык эмес уюм тарабынан "Укук булагы" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий