• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алматыда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы жыйыны башталды

ЕАЭБ 0

Алматы, 02.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Алматыда (Казакстан) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы жыйыны башталды.

Кеңири курамдагы жыйынга Кыргызстандын атынан өкмөт башчы Сапар Исаков, Вице-премьер-министр - Санжар Муканбетов, Тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев, өкмөт башчынын кеңешчилери Талант Султанов, Гүлнара Төралиева жана Мурад Омоев, өкмөт аппаратынын Евразия экономкалык кеңеши боюнча бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Самат Кулманбетов, КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Буржуев жана өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн адиси Урмат уулу Мират катышууда.

Белгилей кетсек, күн тартибинде Биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, интеграциялык биримдикти өнүктүрүү жана анын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү маселелерин карашат.

Жыйында Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий