• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Еревандагы ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

Евразия экономикалык форуму жөнүндө;

ЕАЭБ Сотуна кайрылууда чарбалык субъектилер төлөгөн пошлинанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө;

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 79 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

2018-жылы ЕАЭБ бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет жөнүндө;

2020-жылга ЕАЭБ бюджети жөнүндө;

2020-жылга ЕАЭБ эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө;

ЕАЭБ жалпы финансылык рыногун түзүүнүн Концепциясы жөнүндө;

2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюу жөнүндө;

ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ЕАЭБ бюджетине үлүштүк төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздарын жабуунун тартибин бекитүү жөнүндө;

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда газды ташуу жана жеткирүү чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө;

ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;

ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө;

ЕЭК ишинин Регламентинин № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

ЕАЭБ агро өнөр жай саясаты боюнча Кеңеш жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлери ЕАЭБ жана Сингапурдун ортосундагы эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий