• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашуулардагы абал: Каттам ачык, унаа кыймылына чектөө жок

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат караганда, 26-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатат.

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек — Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана башка жолдордо каттам бар.

Ал эми Барскоон — Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу менен Каракол — Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда бороон болуп жатат, бирок жол ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий