• 88.68
  • 95
  • 0.95

Майлуу-Суу шаарынын кышка даярдык иштерине 2,7 млн сом жумшалды

Аймак 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарынын кышка даярдык иштерине 2,7 млн сом жумшалды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата № 3 отканага жаңы суу куурларын орнотуу, “Артезиан” суусун тартып келүү иштери аткарылды. Учурда тартылып келген суу куурларга кое берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, № 3 отканага куурларды орнотуу, суу жеткирүү иштерине 2,7 млн сом мамлекеттик бюджеттен жумшалды.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 13-январында аба ырайынын ызгаардуу суугунан улам, Майлуу-Суу шаардык суу менен камсыздоо ишканасынын суу куурлары тоңуп, шаар суусуз, жарыксыз жана жылуулуксуз калган. Мындан улам шаарга “өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, кийин калыбына келтирилген болчу.

Пикир

Оставить комментарий