• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумгал районунун Чаек айылында сел сууларын тазалоо иштери жүрүүдө - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Нарын облусундагы Жумгал районунун Чаек айылында сел сууларын тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнь күнү саат 15:30 чамасында 15 мүнөткө созулуп жааган катуу жамгырдын кесепетинен Чаек айылынын түндүк тарабындагы 4 коктудан (Чукур, РЭС, Базаркан, Нукур коктулары) түшкөн сел-кыян суулары 10-15 турак жайды жана короолорун каптаган. Түзүлгөн жагдайды жеринде баалоо жана маалыматтарды тактоо үчүн Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнун ыкчам тобу жөнөтүлгөн.

Азыркы мезгилде маалыматтар алдын ала такталып, куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы кечиктирилгис иш-чараларды аткарууда. Мындан сырткары, сел-кыян сууларынын коопсуз өткөрүү боюнча жарандык коргонуу кызматтарынан жана айыл аймактан 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор ишке тартылды.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, сел-кыян суулары 6 турак жайдын ичине кирген. Базаркан участкасында суу сордуруу иштери 2 мотопомпанын жана 5 куткаруучунун жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Учурда сел-кыян сууларынын кесепеттерин жоюу иштерине куткаруучулардан 20 адам, жергиликтүү тургундардан 40 адам, 2 мотопомпа, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий