• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип үч жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектелип үч жаш жигит кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 23-июнда саат 02:37де Кайгуул кызматынын кызматкерлери Павлов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен 30-35 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Милиция кызматкерлери тез жардам кызматын чакырып, окуя жерин тосуп, кылмышкерлерди издөө иштерин баштаган.

Бир нече убакыттан кийин Кулиев-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде кылмышка шектүү катары 20 жаштагы А.К., 17 жаштагы С.Ж. жана Ч.И. аттуу жарандар кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий