• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пара алууга шектелген милиция кызматкери иштен алынды – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүмүнүн (ШИИББ) кызматкери Э. Кадыралиевге карата кызматтык иликтөө аяктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жакында социалдык тармактарда Бишкек ШИИББдин кызматкери Э. Кадыралиев мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айыбы угузулганы менен азыркы учурга чейин иштеп келгендиги боюнча билдирүү жарык көргөн.

Ички иштер министрлиги маалымдайт, жогорудагы кылмыш иши КРнын УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенген, бирок ИИМге кылмышка тиешеси бар Бишкек ШИИББдин кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандыгы тууралуу расмий документ менен маалымдоо келген эмес.

“Азыркы учурда КР ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кадыралиев ички иштер органдарынан айдалды”, - деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий