• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Батирди тоноо жана мал уурулук менен алектенген топ кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жарандардын мүлкүн уурдоо менен алектенген жана республиканын бир нече аймактарында иш алып барган топтун кылмыштуу аракеттеринин бетин ачты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын мүлк кылмыштарына каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жарандардын мүлкүн уурдоого байланышкан кылмыштардын бетин ачуу боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп, уурулук кылган адамдарды аныктоо жана кармоо иштери жүргүзүлгөн.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшүшүп, учурда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, кармалган адамдар Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын аймагында 20 дан ашык уурулук кылган деп шектелүүдө.

Анын ичинде Ысык-Көл районунда коттедждердин биринде уурулук жана Түп районунда мал уурулук бар.

“Көбүнчө уурулар акчаны жана баалуу буюмдарды, чөнтөккө же баштыкка оңой бата турган нерселерди алышкан. Көлөмдүү жана оор нерселерди алып кеткени сейрек кездешкен. Алар эч жерде иштебеген, бирок курорттордо эс алып, ырахаттанып шаңдуу күн өткөрүшчү. Алар эс алган жеринде дагы өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин уланташып, пансионаттагы коттедждердин биринде кошуна бөлмөгө уурулук кылышкан. Кылмышкерлер жакында эле өздөрүнө машина сатып алышкан”,-деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасаган кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалды:
- 1999-жылы туулган жаран Т.М., Ысык-Көл облусунун Түп районунун
тургуну, ал өзү жашаган үйүндө кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

- 1999-жылы туулган жаран Ж.М., Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну, Бишкекте кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
- 2000-жылы туулган жаран С.А., Балыкчы шаарынын тургуну, мурда
соттолгон. Ал Балыкчы шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

- 2000-жылы туулган жаран Б.А., Нарын облусунун Жумгал районунун
тургуну. Бишкек шаарынын жаңы конуштардын биринде кармалган.
Азыркы учурда кылмыштын башка шериктерин кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Батир уурулары жарандарга бир топ кыйынчылыктарды жараткан.
Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну үйүнө мыйзамсыз кирип, уурулук кылган адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. Киргендер үйлөрүнөн сом жана доллар акчаларын, баалуу буюмдарын уурдап кетишкен. Уурулар келтирген зыян 52 миң сомду түзгөн.

Милицияга Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну кайрылган. Июль айында түнү белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, баалуу буюмдарды, анын ичинде ноутбук менен телефонду жана башка товарларды (бир нече кийим топтомун) уурдап кетишкен. Келтирилген зыян 100 миң сомдон ашык.

Июль айында белгисиз адамдар жылкыларын уурдап кеткендиги тууралууу Түп районунун бир нече тургундары дагы кайрылышкан.
Уурулуктун башка фактылары дагы бар, алар кармалган топтун катышуусунда болгон.

Учурда бардык фактылар иликтенүүдө.

Шектүүлөрдүн бирине таандык Mercedes-Benz-E230 автоунаасы текшерүүгө алынган. Автоунаа далил катары алынып, ички иштер органдарынын унаа токтотуучу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий