• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда өткөн жылы балдарды эмдөөдөн 7 миң баш тартуу катталган

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылы балдарды эмдөөдөн 7 миң баш тартуу катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, 68%дан ашык ата-эне диний көз караштардан улам эмдөөгө каршы болушкан.

“20%ы вакцинанын сапатына ишенбөөчүлүк көрсөтүп баш тарткан. Бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муфтият менен биргеликте иш алып барылууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий