• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2017-жылы жол кырсыгынан 907 адам каза болду, алардын 104ү - балдар

Коом 0

Бишкек, 19.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жыл аралыгында Кыргызстанда 6 миң 346 жол кырсыгы катталган, анда 907 адам адам каза болгон. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында КР ИИМ ЖКККК кызматынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымына караганда, жол кырсыгы 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы 8,1% көп катталган.

“Бардыгы болуп былтыркы жылы жол кырсыгынан 5 миң 568 адам жабыркаган. Балдардын катышуусунда 1432 жол кырсыгы катталган, 104 бала каза болгон, 1622 – жабыркаган. Биздин кичинекей өлкө үчүн бул абдан чоң көрсөткүч”,-деп билдирди ал.

Жол кырсыгынын жалпы санынын 60,4% калк жайгашкан аймакта катталган, 33,1% - эл аралык деңгээлдеги жолдо, 3% - мамлекеттик деңгээлдеги трассада катталган.

“Жол кырсыгынын себептери: жалпы көрсөткүчтөн 43% - жөө жүргүнчүлөрдү коюп кетүү, 36,1% - кагылышуу, 8,6% - оодарылып кеткен, 6,5% - тоскоолдуктарды түзүү, 1,9% - велосипедисттерди коюп кетүү, 1,2% - токтоп турган унааны барып сүзүү, 6,7% - жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсүнөн улам”,-деп билдирди ал.

Бардыгы болуп айып түрүндө 380 млн сом топтолгон.

Пикир

Оставить комментарий