• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоолорго кар жаап, үшүк жүрөт! Синоптиктер чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 31-октябрда эрте менен күндүз жана 1-2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

31-октябрда эрте менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-октябрда күндүз жана 1-2-ноябрда абанын температурасы төмөндөйт.

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 градус, айрым жерлерде 0...-2° үшүк, күндүз 7…12°;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1...-3° үшүк, күндүз 6…11°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1...-3° үшүк, күндүз 5…10°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0...-2° үшүк, күндүз 6…11°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5°, күндүз 6…11° жылуу болушу күтүлөт.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындай үшүктүн жүрүшү мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий