• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде Тажикстандан мыйзамсыз спирт ташып келе жаткан жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жолу менен спирт ташыган Лейлек районунун жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери ыкчам маалыматтардын негизинде аткезчилик жолу менен мыйзамсыз спирт ташыган Лейлек районунун тургуну 27 жаштагы С.К.ны кармашкан. Ал жеңил акча табуу максатында эч кандай документи жок мыйзамсыз спиртти Тажикстандан алып келип, Баткен шаарынын аймагында өзүнүн автоунаасында 1 тонна 150 литр спирт жүктөп бара жаткан жеринен кармалды.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин ("Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү") негизинде сотко чейин өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Экспертизанын корутундусунда 95% этил спирти экендиги аныкталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий