• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абсаттар Сыргабаев Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу президенттин облус аймагындагы жарандардын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү боюнча койгон тапшырмасына ылайык өткөрүлдү.

Жыйында облус облус башчысынын 2022-жылы аталган шаардын тургундары менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн аткарылышы тууралуу маалымат берилди. Өткөн жылы шаар тургундары 76 ар түрдүү багыттагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышкан. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында 57 кайрылуу чечилген. Учурда калган маселердин үстүндө жумуштар жүрүп жатат.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар шаардын Ноокен району менен чектешкен аймактарында жаралып жаткан талаш маселелер, социалдык-инфраструктуралык багыттагы көйгөйлөр, мал уурулуктун алдын алууда мыйзамдарды катаалдаштыруу, жеке жана башка маселелер менен кайрылышты.

Облус башчысы Майлуу-Суу шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. Жолугушуу алкагында айтылган маселелердин үстүндө мыйзам чегинде тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлөөрүн билдирди.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 27 миңге жакын калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий