• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эгемендүүлүк күнү: "Ала-Тоо" аянтынан эки тонна таштанды жыйналды

Коом 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Кечээ, 31-августа "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнүн 29 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарадан кийин эки тонна таштанды жыйналды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, майрамдык иш-чара учурунда бир дагы бала жоголгон эмес. "Өзгөчө кырдаал режимине карабастан шаар тургундары майрамдык фейерверкти көрүүгө келишкен. Жыйынтыгында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Ала-Тоо" борбордук аянтынан эки тонна таштанды жыйнашкан. Таштандыларды чогултуу үчүн "Тазалыктын" 24 кызматкери жана үч атайын техника тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл коронавируска байланыштуу массалык иш-чара өткөрүлгөн жок.

Пикир

Оставить комментарий