• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жарандарынын чет өлкөдө айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу тарифи макулдашылды

Коом 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти жана чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан “Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүгүн берүүдө (алмаштырууда)” көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматынын тарифи макулдашылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” жарлыгына ылайык, эмгек мигранттарын барган өлкөлөрдө ар тараптан колдоо биринчи кезектеги милдет деп аныкталган жана КР өкмөтүнө чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу үчүн иш-чараларды туруктуу негизде ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү сунушталган.

Жогорудагы жарлыкты ишке ашыруу максатында КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмесин) “Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү берүү” кызматтын кошумча аткаруучусу катары КР Тышкы иштер министрлиги кошулган.

Ушуга байланыштуу, КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 2-декабрындагы №32 буйругу менен КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти жана чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан “Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүгүн берүү (алмаштырууда)” көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматынын тарифи 2158 сом өлчөмүндө макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий