• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Талас: Милициянын жол кырсыктарын алдын алуу иштерине окуучулар дагы катышууда

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Таласта милиция кызматкерлери окуучулардын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Артур Иманбеков орун басары Жанкорозов Равкат менен бирге Чат-Базар жана Манас айылдарында мектеп окуучулары менен жолугушту.

Жолугушууда башталгыч класстын окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери боюнча үйрөтүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

"Аталган мектептер Тараз - Талас - Суусамыр автожолунун жээгинде жайгашкандыктан ал аймактарда авто унаалар көп өтүп, жол кыймылы дайыма жандуу абалда болуп турат. Окуучуларга жолдон өтүүдө коопсуз шарт түзүлүп, жол кырсыктарын болтурбоо максатында атайын даярдалган видео роликтер көрсөтүлдү. Анда окуучулар жол чырактардын иштеши боюнча жана жол кырсыктарына өбөлгө түзгөн учурлар тууралуу баяндалды. Окуучуларга жол белгилери боюнча түшүндүрмөлөр берилди", - деп айтылат маалыматта.

Андан соң бардык катышуучулар жолго чыгышып, айдоочулардын жөө жүргүнчүлөргө кылган мамилеси, өзгөчө мектептин айланасындагы атайын өтүүчү жолдо эрежени сактоосу боюнча иш аракеттерине байкоо жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий