• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусуна кытайлык Sinopharm вакцинасынын 85 миң дозасы жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-июлда Ош облусунун райондоруна Кытайдын Sinoрharm вакцинасынын 85 миң дозасы келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны менен кошо 30 миң даана карточка, 1 200 бейджик, 40 стенд, 30 миң форма, 30 миң эскертүүчү баракча алынып келинди.

Ош облусунун аймагында 143 эмдөөчү пункт ачылган. Анын ичинен 98 медициналык мекемелерде, 14 билим берүү мекемелеринде, 7 пункт базарларда жана 24 жүрүп туруучу мобилдик бригадалар саат 08:00дөн кечки саат 23:00гө чейин жарандарды эмдөөдөн өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий