• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 53 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коменданттык саатты бузган 53 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Кармалгандардын ичинен 43ү эркек киши, 13ү аял кишилер", - деди ал.

Ошондой эле коменданттык саат учурунда кармалгандардын арасында 1 чет элдик жаран болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 130га жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий