• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бишкектин Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн Достоевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.

Белгилей кетсек, бул тилкеде акыркы жолу 2008-жылы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Мэриядан белгилешкендей, унаа тыгынын болтурбоо үчүн жол этап менен жабылууда. Бүгүнкү күндө көчөнүн түштүк тарабы жабылып, андан кийин жолдун түндүк тарабын жабуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий