• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдоочу мас болгон: Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгы

Коом 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Эл аралык “Дүйнө сулуусу-2018” сынагынын жеңүүчүсү Кыргызстандык Сания Шакирова бара жаткан унаанын айдоочусу мас абалында болгон. Натыйжада унаа кырсыкка кабылган.

Ысык-Көл облусунун ИИБнин маалыматы боюнча, соттук-медициналык экспертиза далилдегендей “Ravon Nexia” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 31 жаштагы Ч.К., аттуу жаран унаа башкарып баратканда мас абалында болгон. Учурда аталган кылмыш иши боюнча Бишкекте көчмө жыйын өтүүдө.

Эске сала кетсек, 2-июнда Чок-Тал айылына кире бериште айдоочу батыш тарапты көздөй бара жатып, унааны башкара албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Унаанын ичинде эки жүргүнчү болгон. Сания Шакирова алган жаракаттан улам жеринде каза болгон, экинчи жүргүнчү жана айдоочу ооруканада.

Пикир

Оставить комментарий