• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кумтөр Голд Компани" ишканасында ишеним телефону ачылат

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" ишканасында жашыруун ишеним телефону ачылат. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Инк.” компаниясынын тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Бөлтүрүктүн айтуусуна караганда, ага компаниянын же болбосо айрым кызматкерлердин ар кайсы аракеттерине көптөгөн нааразычылыктар түшүп жатат.

"Ошондуктан "Кумтөр Голд Компани" ишканасында жашыруун ишеним телефону ачылат, ага компаниянын кызматкерлери, өнөктөштөрү, жеткирүүчүлөрү жана башка жактар мүмкүн болгон бардык бузуулар тууралуу билдирүү үчүн кайрыла алышат. Бул кызмат үчүнчү жак тарабынан башкарылышы мүмкүн", - дейт ал.

Анын билдирүүсүнө таянсак, ишеним телефон байланышы 24 саат, 7 күн бою жеткиликтүү болот. Линия ачылганда толук маалымат берилет.

"Ишеним телефону коррупция маселелери боюнча билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн жана жалпысынан адилеттүүлүк принциптерине ылайык келбеген жана бузууга байланыштуу болгон ар кандай жагдай жөнүндө колдонулушу мүмкүн. Мындай билдирүүлөр менен иштегенде купуялуулук сакталат. Көйгөйлөр тууралуу маалымдаган адамдардын укуктарын коргоосуна кепилдик беребиз. Келген чалуулар да жашыруун болушу мүмкүн. Бирок муну менен бирге, жалган же адаштыруучу маалыматты атайылап берүүгө жол берилбейт", - деп жазган өз билдирүүсүндө Тенгиз Бөлтүрүк.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун карап, министрлер кабинетине кенди пайдалануу чөйрөсундө "Centerra Gold Inc." компаниясынын жоопкерчиликсиз аракетине байланыштуу "Кумтөр Голд Компани" компаниясына тыштан башкаруу киргизүүнү, андан тышкары убактылуу тыштан башкаруучу дайындоону сунуштаган.

Ошондой эле, "Кумтөр Голд Компани" компаниясы жумушчулардын иш графигин, карьердин капталдарын көзөмөлдөө жана сканерлөө тутумун өчүрүп салганы маалым болгон.

Жыйындын жүрүшүндө УКМК башчысы Камчыбек Ташиев “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин “Убактылуу тыштан башкаруу дайындоонун тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна кол коюп, "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Калдыктарды мөңгүлөрдө сактагандыгы үчүн “Кумтөр Голд Компани” компаниясына 261 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирилген, бул 3,2 миллиард долларды түзөт. Дагы 1,2 миллиард доллар - төлөнө элек салыктар. Жалпысынан компанияга карата каржылык талаптардын көлөмү 4 миллиард 250 миллион АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий