• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда кытай вакцинасынын биринчи компоненти түгөндү

COVID - 19 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19га каршы кытай SinoPfarm вакцинасынын биринчи компоненти түгөндү. Бул тууралуу агенттикке Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, негизинен вакцина Бишкекте эрте түгөндү.

“Бул Кытай тараптан жеткирилген вакцинанын 150 миң дозасы. Азыр экинчи доза менен эмдөөнү улантып жатабыз. Вакциналардын экинчи партиясын Кытайдан алып келүү көйгөйү чечилди, бирок учурда жактырылып, ДССУнун тизмесине киргендигине байланыштуу ага болгон суроо-талап аябай көбөйдү”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий